Ошто кайненесин өлтүрүп, аялын уруп-сабоого шектүү тургун кармалды
Ош облустук милициясы Кара-Суу районунда бир жаран кайын энесин өлтүрүүгө, аялын уруп-сабоого шектелип кармалганын билдирди. Окуя боюнча 20-июнда Кара-Суу райондук милициясына маалымат келип түшкөн. "Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган кезде Мады айыл аймагынын тургуну үйүндө аялы менен кайын энесин учтуу нерсе менен сайганы, натыйжада аялы денесинен жараат алып ооруканага жеткирилгени, ал эми кайын энеси окуя болгон жерде каза болгондугу маалым болгон", - деп жазылган маалыматта. Бул факт... Читать дальше...